Президенттин жана анын уулунун атын жамынып алдамчылык кылган адам кармалды



Президент Садыр Жапаровдун жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, алдамчылык кылып жүргөн деген шек менен "Ашар" коомдук бирикмесинин 25 жаштагы негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкы тергөөдө эле ал 600дөн ашык кишиден 150 миллион сомго жакын акча чогултуп алгандыгы тастыкталган. Шектүү бир күндө эле болжол менен 500 миң сомдон алып турганы, учурда кайтарууга эч кандай каражаты жок экендиги аныкталган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шаардык милиция ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана буга чейин да алдамчылык менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
patriot.kg94

10.04.2025. 22:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жанагы го Хамзага 900 000 берген балаго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.