Кеня аттуу топтун мүчөлөрү жана аскер адамдары... Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалды (видео)



Бишкек шаарында каракчылык менен алектенип келген делип 8 киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ жыл башында борбордогу үйлөрдүн бирине кирип барып, зомбулук көрсөтүп, коркутуп, ири өлчөмдөгү акча каражатын тартып алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 37, 30, 29, 27, 26, 24 жана 23 жашгы 2 жаран кармалып, камакка алынышкан. ИИМ кармалгандар каттоодо турган Кеня каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин маалымдап, арасында аскер кызматкерлери да бар экени такталганын кошумчалады.
Учурда тергөө иштери уланууда.
10.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.