super.kg logo
  Спорт  

"Саткын". Европа чемпиону Чермен Валиев пъедесталда Мамиашвили ага эмне дегенин айтты

 

Түндүк Осетияда төрөлгөн албаниялык балбан Чермен Валиев Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили ага медаль тагып жатып аны "мекенге чыккынчылык кылдың" деп атаганын айтты. Бул тууралуу Матч ТВ телеканалы жазды.

"Мен башка өлкөнүн атынан чыгуу үчүн эл аралык трансфердин бардык шарттарын аткаргам. Бардыгына расмий түрдө кол коюлган. Эл аралык федерацияга беш миң евро, Орусиянын күрөш федерациясына беш миң евро гонорар төлөгөм.

Сыйлоо аземинде Михаил Геразиевич мага "мекениңе чыккынчылык кылдың" деп атады. Мен түшүнбөй калдым. Сыйлоо аземинен кийин ага сүйлөшүү үчүн баргам, бирок уюштуруучулар мага жол бербей коюшту", - деген Валиев.

9-апрелде Европа чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон балбандарды сыйлоо аземинде Михаил Мамиашвили түндүк осетиялык, учурда Албаниянын атынан чыгып жаткан Чермен Валиевге алтын медалды өтө орой түрдө таккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: