super.kg logo
  Спорт  

Орусияда чемпионго өтө орой түрдө медаль таккан Мамиашвилини жоопко тартуу талап кылынды

 

Орусиянын Владикавказ шаардык думасынын депутаты Сослан Бестаев министрликтен Европа чемпионуна агресивдүү түрдө медаль таккан Михаил Мамиашвилиге чара көрүүнү суранды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.

"Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти биздин спортчубуз Чермен Валиевдин эмне себептен спорттук жарандыгын өзгөрткөндүгүн билбесе керек. Бүгүн биз Орусиянын спорт министрине кайрылдык, эми алар бул боюнча иликтөөнү расмий түрдө жүргүзөт деген үмүттөбүз. Анткени бул окуя ата мекендик спорттун абийирине шек келтирет. Биз мындай деңгээлдеги чиновниктен жок эле дегенде Чермен Валиевден жана эркин күрөштүн бардык күйөрмандарынан, айрыкча түндүк осетиялыктардан кечирим суроону күтөбүз", - деди ал.

9-апрелде Европа чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон балбандарды сыйлоо аземинде Михаил Мамиашвили түндүк осетиялык, учурда Албаниянын атынан чыгып жаткан Чермен Валиевге алтын медалды өтө орой түрдө таккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: