super.kg logo

Кыргызстанда биринчи жолу: MBANK турак жайды онлайн камсыздандыруу кызматын ишке киргизди!

 

MBANK Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму менен биргеликте мүлк ээлеринин жашоосун жеңилдеткен инновациялык кызматты ишке киргизди. MBANK менен сиз камсыздандыруу компаниясынын кеңселерине барбастан, бир мүнөттүн ичинде турак жайды милдеттүү камсыздандырууну каттай аласыз!

Кыргызстандагы жер титирөөлөр турак жайды камсыздандырууну маанилүү кылат, анткени ал мүмкүн болуучу кыйроолордон каржылык коргоону камсыздайт.

MBANK аркылуу онлайн камсыздандыруунун артыкчылыктары:

  • Маалыматты автоматтык түрдө алуу мүмкүн: Тиркеме Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат тутумунан колдонуучунун катталган мүлкү тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө сурайт.
  • Чыгымдарды ыкчам эсептөө: Система мүлктүн жайгашкан жерине жараша камсыздандыруу полисинин баасын дароо эсептеп чыгат.
  • Онлайн төлөм: Полисиңиз үчүн түздөн-түз MBANK колдонмосунда төлөм жүргүзө аласыз.
  • Полистин дароо алынышы: Төлөм жүргүзгөндөн кийин полис дароо колдонмодо жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө эмнени билишиңиз керек:

Эскерте кетсек, турак жайларды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан камсыздандыруу Кыргызстанда милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.

Камсыздандыра аласыз: Эгерде Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат системасында маалымат бар болсо жеке турак жайларды, үйлөрдүн бөлүктөрүн, батирлерди, коммуналдык батирлерди.

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу окуяларына: өрт, өрт өчүрүү учурунда суу кирип кетүү жана табигый кырсыктар кирет.

Милдеттүү камсыздандыруу полисинин баасы туруктуу жана жайгашкан жерине жараша болот: турак жайдын көлөмүнө карабастан, жылына 600 сом айыл жери үчүн жана 1200 сом шаар үчүн.

Турак жай толугу менен талкаланган учурда камсыздандыруу төлөмү айыл жери үчүн 500 миң сомго чейин, шаар үчүн 1 миллион сомго чейин болот.

Милдеттүү камсыздандыруу полисинин колдонуу мөөнөтү 12 айдан ашпайт.

MBANK аркылуу камсыздандыруу полисин кантип алса болот?

1. MBANK колдонмосунда "Кызматтар" бөлүмүнө өтүңүз.

2. "Мамлекеттик кызматтар" бөлүмүн тандаңыз.

3. "Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу" пунктун таап, тандаңыз.

4. "Камсыздандырууну каттоо" баскычын басыңыз.

5. 4 сом өлчөмүндөгү символикалык сумманы төлөңүз – бул Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалымат тутумунда сиздин үйүңүз тууралуу маалыматты суроонун баасы.

6. Берилген мүлкүңүздүн тизмесинен камсыздандырууну каалаган мүлктү тандаңыз.

7. Керектүү маалыматты толтуруңуз, текшериңиз жана камсыздандыруу полисин төлөңүз.

MBANK турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча онлайн кызматын ишке киргизди, бул полисти камсыздандыруу компанияларынын кеңселерине барбастан, смартфонуңуз аркылуу тез жана ыңгайлуу түрдө каттоого мүмкүндүк берет.

MBANK - Биринчи санарип!

КР УБ № 014 лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: