super.kg logo

"Түшүнөм, аке". Бишкекте зордуктоого шектүү жаран милицияга пара берип жаткан жеринен кармалды (видео)

 

Бишкек шаарында зордуктоого шектелип жаткан жаран милиция кызматкерине 40 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, зордуктоо фактысы боюнча алдын ала тергөө иштеринин алкагында жаран С.А. аттуу жаран милицияга жеткирилген. Сүйлөшүү маалында С.А. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн акча каражатын сунуштаган.

"Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө кызматынын башчысынын кызматтык бөлмөсүндө 1994-жылы туулган С.А. аттуу жаран 40 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары, ал кызматкерге пара катары аргымак берүүнү сунуштаган", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.






Бишкекте зордуктоого шектүү жаран милицияга пара берип жаткан жеринен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: