super.kg logo

Мугалимдердин керексиз кагаз иштери жана отчёттору кыскарышы мүмкүн

 

Билим берүү министрлиги мугалимдер үчүн отчёт берүүнүн көлөмүн кыскартуу багытында иш алып барууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул багытта атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мектеп директорлору жана орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, билим берүү тармагындагы адистер жана министрликтин кызматкерлери кирет.

Демилгенин максаты – ар кандай мамлекеттик органдар тарабынан республика, облус жана район деңгээлдеринде талап кылынган отчётторду жана алардын багыттарын аныктоо, ошондой эле министрликтин өзү үчүн зарыл болгон маалыматтарга карата муктаждыктарды талдоо. Бул иштер кайталанма жана натыйжасыз документтерди жоюуга багытталган.

Министрликтин айтымында, 2022-жылы айрым отчёт формалары жокко чыгарылган. Азыркы учурда төмөнкү багыттар боюнча иш жүрүп жатат:

  • Бардык отчётторду “Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу электрондук форматка өткөрүү;
  • Мектептердин күнүмдүк ишмердүүлүгүндө чогултулган маалыматтардын негизинде отчётторду автоматтык түрдө түзүү;
  • Эгер маалыматтар санарип система аркылуу буга чейин катталып калган болсо, анда таблицалар менен формаларды кол менен толтурууну жоюу;
  • Башка мамлекеттик органдар үчүн керектүү маалыматтарга жеткиликтүүлүктү онлайн режимде камсыз кылуу.

"Электрондук күндөлүк — “Э-Күндөлүктү” ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мугалимдер бааларды жана эскертүүлөрдү убагында электрондук журналга киргизип турушу, ал эми мектеп жетекчилери инфратүзүм жана башка параметрлер тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап турушу маанилүү. Бул системага отчётторду кошумча жүксүз эле автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бул ишти санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Лира Самыкбаева координациялоодо. Жумушчу топко аймактык түзүмдөр жана билим берүү уюмдары менен иш алып барган 7 адис кирет.

"Аталган чаралар мугалимдердин административдик жүгүн бир топ жеңилдетип, билим берүү системасындагы документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун арттырат", - деп кошумчалашты министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: