super.kg logo

Бишкекте "Жаш таланттар - 2025" сынагы өтөт

 

Бишкекте 2025-жылдын 12-апрелинде саат 09:00до жыл сайын өткөрүлүүчү "Жаш таланттар" сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын Маданият башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын алкагында өткөрүлөт. Негизги максаты - өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин, улуттук маданиятка, салт-санаага жана өнөргө болгон урмат-сыйды калыптандыруу, ошондой эле жаш таланттарды колдоо.

"Бул жылы сынак "Кыргыз элдик аспаптары" жана "Элдик вокал" багыттары боюнча өтөт. Бул улуттук музыкалык мурасты сактоо жана өнүктүрүүнүн маанисин дагы бир ирет баса белгилейт",- деп жазылат маалыматта.

Иш-чара шаардын так ортосунда жайгашкан жаңы №9 Балдар искусство мектебинде өткөрүлөт. Сынактын катышуучуларын белгилүү музыканттар жана элдик музыка менен билим берүү тармагында жогорку абройго ээ болгон кесипкөй калыстар тобу баалайт






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: