super.kg logo

Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин жактоочусунун өтүнүчү боюнча чечим чыгарды

 

Конституциялык сот качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочусунун өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын билдирди.

Конституциялык сот эгер адам жоопкерчиликтен качып, чет өлкөгө чыгып кетсе, ошондой эле аны экстрадициялоо мүмкүн эмес болсо, анын сыртынан өкүм чыгаруу Баш мыйзамга дал келерин белгиледи. Ошол эле учурда эгер сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында өлкөгө келсе, анда ал соттук ишин өзүнүн катышуусунда кайра каралышына мүмкүнчүлүк алат деген тыянак чыгарган.

Маалыматта сыртынан соттолгон адамдын иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышы сот адилеттигине, демократияга жана эл аралык стандарттарга туура келери жазылат.

Эске салсак, Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов былтыр декабрь айында Конституциялык соттон адамды сыртынан соттоо Баш мыйзамга канчалык туура келерин кароону суранган.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Ал жакындары менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев соттун чечими менен жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: