super.kg logo

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3 600дөн ашты

 

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3 689га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкө бийлигинин маалыматына таянып жазышты.

Маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын саны 5 миң 20га жетсе, дагы 139 адам дайынсыз жоголгон.

Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн бүт аймагында жана коңшу мамлекеттерде кыйроолорго алып келген. Жер титирөөнүн очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырымдай алыстыкта ​​болгон. Мындан улам бийлик 31-марттан 6-апрелге чейин улуттук аза күтүү жарыялаган. Андан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: