super.kg logo

Белгилүү комузчу Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты

 

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ал Жумакадыр Каниметовдун "Ак-Мөөр" опера дастанынында "Ак бугу" чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, элге таанымал болгон.

Чебер комузчу "Ысык-Көл" баяны күүсүн чыгарган. Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайында 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген. Акыркы учурда Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөрдө гастролдорго чыгып жүргөн.

Анара Эсенгулова Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Түгөлбай ата эл аралык коомунун Кыргыз жылдыздары медалынын ээси, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Анын сөөгү бүгүн, 12-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Анара Эсенгулованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: