super.kg logo

АКШда Трампты коркуткан делип дагы бир адам кармалды

 

Федералдык иликтөө бюросунун агенттери АКШнын президенти Дональд Трампка жана Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Тулси Габбардга жасалган коркутуулар менен байланышы бар деген шек менен Жорджия штатынын жашоочусун кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"25 жаштагы Лилберн шаарынын Алиакбар Мохаммед Амин аттуу жашоочусу Тулси Габбардга, президентке жана Ак үйгө коркуткан билдирүүлөрдү жибергени үчүн камакка алынды", - деп билдирген ФИБдин Атланта шаары боюнча бөлүмү.

Маалыматта коркутуулардын чоо-жайы айтылган эмес, болгону тергөө иштери уланып жатканы гана кошумчаланган.

Буга чейин АКШнын Юстиция министрлиги Пенсильвания штатынын тургуну Трампты жана жогорку кызматтагыларды "өлтүрөм" деп коркутууга алганы үчүн кармалганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: