super.kg logo

Милиция Тилекмат Куренов менен чогуу башаламандык пландоого шектүүлөрдү кармады (видео)

 
Массалык башаламандыкты даярдоого жана уюштурууга кам көрүп жаткандар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милицияга Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн.
Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1978-жылы туулган С.Ф. аттуу жаран кармалган.
"Бул факт боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.О. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө банктык операцияларды жүргүзгөнү, ошондой эле Тилекмат Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Милиция аны дагы камакка алган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын Чүй ОИИББ кошумчалады.





Милиция Тилекмат Куренов менен чогуу башаламандык пландоого шектүүлөрдү кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: