super.kg logo

КМТУдагы акысыз Beeline коворкингинде жабдууларды жаңыртышты

 

Beeline коворкинги — бул окуу, иштөө жана чыгармачылык менен алектенүү үчүн заманбап, ыңгайлуу мейкиндиктер. Жемиштүү күн өткөрүү үчүн компьютерлерден баштап ыңгайлуу иш станцияларына чейин бардык нерсе бар.

Beeline мындай жайларды түзүүгө эле эмес, аларды жакшыртууга да кам көрөт. Жакында компания И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан коворкингге 10 ноутбук белек кылды.

Коворкингдин эшиги студенттер болобу, мектеп окуучулары, фрилансерлер же акыл эмгеги үчүн ыңгайлуу жай издеп жүргөндөр үчүн бардыгы үчүн ачык. Жаңыланган технология окууга жана андан да натыйжалуу иштөөгө жардам берет. Ыңгайлуу коворкингден тышкары университет Beeline’дан бекер Wi-Fi сунуштайт. Beeline абоненттери Интернетти чектөөсүз колдоно алышат, ал эми калгандары — күнүнө 30 мүнөт.

Санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүү жаңы билимдерге жана карьералык жетишкендиктерге жол ачат. Коворкинг мейкиндиктерибизде ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биз адамдарды, өзгөчө жаштарды өздөрүн өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга шыктандырууга умтулабыз, — деп билдирди Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин.

КМТУда Beeline коворкинг мейкиндиги 2018-жылы ачылып, Кыргызстанда мындай мейкиндиктерди түзүү боюнча масштабдуу демилгенин бир бөлүгү болуп калды.

Бүгүнкү күндө өлкөдө төрт акысыз Beeline коворкинг мейкиндиги иштейт:

  • Бишкек шаары, КМТУ, Ч. Айтматов пр., 66 (246-кабинет). Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 8:00 – 17:00.
  • Бишкек шаары, А. Осмонов атындагы №9 атындагы китепкана, Чүй пр., 111. Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 8:00 – 17:00.
  • Жалал-Абад, областтык китепкана, Ленин аянты, 20. Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 8:00 – 17:00.
  • Каракол, Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык колледжи, Гебзе к., 120. Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 9:00 – 18:00; Ишемби, 9:00 – 17:00.

Эгерде сиз көптөн бери өз алдынча билим алуу же аралыктан иштөө үчүн ыңгайлуу жана шыктандыруучу жай издеп жүрсөңүз, Beeline коворкинг мейкиндиктерин карап көрүңүз. Алар жашына жана кесибине карабастан бардыгына жеткиликтүү.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: