super.kg logo

Чүйдө Ивановка кичи суу сактагычы ишке берилди

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Ивановка кичи суу сактагычы ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Анын ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

"Мына, жакшынакай суу сактагыч толук оңдоодон өттү. Эми дыйкандарыбыз суу менен кенен камсыз болуп, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ар дайым элибизде суу болсун. Дыйкандарыбыз иштеткен жеринен береке таап, кирешеси көбөйүп, өлкөбүздүн экономикасы өсүп, токчулук болсун", - деди Төрөбаев.

Кичи суу сактагычтын сугат аянты капиталдык оңдоого чейин 300 гектарды түзчү. Капиталдык оңдоодон кийин бассейнге топтолгон сугат суунун сыйымдуулугу көбөйүп, 1,200 миллион чарчы метрге жетип, кошумча 600 гектар айдоо жерге жана 60 гектар кайрак жерге суу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейди. Натыйжада жалпы 960 гектар жерди сугарууга шарт түзүлдү. Оңдоо иштери геомембрана төшөө менен аткарылды.

БДР Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагынын станция Ивановка айылында жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: