Атактуу футболчу Килиан Мбаппе "Реал Мадриддин" оюнчуларынан кечирим сурады
Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе кечээ өткөн "Алавес" клубуна каршы оюнда оюндан четтетилгендиги үчүн командалаштарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.
Беттештин 38-мүнөтүндө Килиан Мбаппе "Алавестин" жарым коргоочусу Антонио Бланкого каршы орой ойногону үчүн калыс кызыл айып кагазын көрсөткөн.
Беттештен кийин Килиан Мбаппе атаандашынын абалын сурап, андан кечирим сураган.
Андан кийин Мбаппе кийим алмаштыруучу бөлмөгө барып, командалаштарынан кызыл айып кагазын алганы үчүн кечирим сураган.
Оюндун өзү 0:1 эсебинде "Реалдын" жеңиши менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.