Ошто 38 жаштагы аял өлтүрүлүп, үйү тонолгон. Милиция маркумдун мурдагы квартирантын кармады

Милиция тактагандай, эртең менен саат 04:10до Ак-Тилек кичи районунун тургуну, 38 жаштагы аял киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөндө аял муунтулуп каза болгондугу аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды.
Тергөө кызматынын маалыматына караганда шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, унаасын уурдап кеткен. Шектүү мурда бул үйдө квартирант болуп жашап кеткендиги дагы маалым болду.
Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.