super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мьянмада кыргызстандыктар кулчулукта болгонун айтты (видео)

 

Мьянмада Кыргызстандын 7 жараны кулчулукта калды делген маалымат чыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев билдирди.

"Мына, азыр эле социалдык тармактардан окудум. Биздин 7 жаран Мьянмада кулчулукта жүрүптүр", - деген депутат Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде бул боюнча маалымат барбы деп сурады.

Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жок экенин айтты.

"Ушул боюнча тез арада териштирүү жүргүзүш керек. Кайсы мамлекетте, кандай жол менен барды булар? 7 жаран кулчулукта жүрдү деген бул жакшы көрүнүш эмес го. Кыска мөөнөттө мага кагаз жүзүндө жооп бериңиздер", - деди депутат.






Депутат Мьянмада кыргызстандыктар кулчулукта болгонун айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: