super.kg logo
  Саясат  

Москвада мончодогу окуя: ТИМ Орусиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды

 

Бүгүн, 14-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Москвадагы «Бодрость» мончо комплексинде Кыргыз жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу уюштурулган.

"Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү, эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий Нота берилди.

Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Эске салсак, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында Москвадагы кыргызстандык ишкердин мончосунда кыргыз жарандары сабалганын билдирип, видео жарыялаган болчу. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктарга укуктук жардам берилип жатканын билдирген. Ал эми бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Москвада мончодо болгон окуя боюнча маселе көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: