super.kg logo
  Саясат  

Мектептеги кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү маселеси айтылды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы мектептердеги кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу маселесин көтөрдү. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында билдирди.

Депутат мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга мораторий киргизилгенин эске салып, ага карабай кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасын жогорулатуу зарылдыгын айтат. Ал буга кызматкерлердин айлыгы өтө аз экенин жүйө келтирди.

"Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы 10-12 миң сомго чейин эле болуп жатат. Бул бардык аймактардагы көйгөй", - деп билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды.

Жусупбекова кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы 5200 сомдон 11 миң сомго чейин экенин белгиледи.

"Аталган маселе боюнча Финансы министрлигине кайрылганбыз. Алар "азыр бир эле билим берүүнү карап койсок болбойт. Башка тармактар менен бирге көтөрүп берели" деп иштеп жатышат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: