super.kg logo

Республикалык жана улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

 

Бүгүн, 14-апрелде "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда мектеп окуучуларынын республикалык жана улуттук олимпиадасынын жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өттү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 54 окуучу байгелүү орундарга ээ болду.

Олимпиада зээндүү окуучуларды колдоо, мыкты мугалимдерди аныктоо максатында министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.

Ал эми мектеп окуучулары арасында так илимдер боюнча улуттук олимпиада 4 этап менен өтүп, натыйжада 76 окуучу алдыңкы орундарга ээ болду.

Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты:

  • Зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо,
  • Алардын билимдерин өркүндөтүү,
  • Чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, илимий изилдөө иштерине кызыгууларын арттыруу
  • Так илимдер боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн мамлекетибиздин командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.

Сыйлоо аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап, билимдүү жаштарсыз Кыргызстандын келечеги жок экенин баса белгилеп, билим жарышындагы алдыңкыларга ийгиликтерди каалады.

"Бул жерде бир жарым миллион баланын арасынан 348 бала тандалып келип, ийгиликтин сересинде отурасыздар. Бул чек болбосун. Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир гана айырма бар, ал – эрк. Сиздердин алдыңыздарда океандай мүмкүнчүлүк бар. Билимиңер менен биз кыялданган кыялдарга силерди жетет деп ишенебиз", – деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: