super.kg logo

Bakai Bank Jaz Demi 2025 жарым марафонуна 4000дей адам катышты

 

13-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын булуң-бурчунан жана ал эле эмес, жакынкы чет өлкөлөрдөн катышкан 4000дей адамдын башын бириктирген, салттуу Bakai Bank Jaz Demi 2025 жазгы жарым марафону өткөрүлдү. Бул чуркоо жарышы жылдын эң масштабдуу спорттук иш чараларынын бири болду.

Иш чара Nomad Sport компаниясы тарабынан уюштурулган. Bakai Bank жетинчи жыл кататры менен жарым марафондун титулдук өнөктөшү болууда. Банк сергек жашоо образын жана жарандык активдүүлүктү жайылтуу максатында өлкөдөгү масштабдуу спортту активдүү колдоп келет.

Катышуучуларга 3 аралык сунушталган: 5 чакырым, 10 жана 21,1 чакырым, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки кичинекей спортчулар үчүн Kid’s Run балдар жарышы да уюштурулган.

Иш чаранын алкагында Bakai Bank катышуучулар төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болуучу интерактивдүү аймакты уюштурду:

  • Карталарды акысыз алуу жана Pay-стикерлерди кошуп алуу мүмкүнчүлүгү;
  • Жасалма интеллект менен жабдылган Кыргызстандагы алгачкы картоматты сынактан өткөрүп, саналуу мүнөттөрдүн ичинде карталарга ээ болуу;
  • Жасалма интеллект менен жабдылган фотобудкалардан жана жасалгаланган аймактардан эстеликке сүрөткө түшүү;
  • Адистерден кеңеш алуу;
  • Ийгилик фортунасынан жагымдуу жана пайдалуу белектерди утуу.

Марафондун жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн ар түрдүү категориядагы 32 жеңүүчү Bakai Bankтын атынан эстелик болуучу белектер менен сыйланды.

— Биз менен ден соолук, активдүүлүк жана жаңы бийиктиктерге умтуулуу сыяктуу баалуулуктарыңыздар менен бөлүшкөнүңүздөрдү жогору баалайбыз, — деп белгиледи “Бакай Банк” ААКы Башкармалыгынын Төрайымы Үмүт Абакирова, катышуучулар менен учурашуу сөзүндө. — Jaz Demi жарым марафонун жетинчи жыл катары менен колдоп, Кыргызстандагы спорт маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыбыз менен сыймыктанабыз!

Bakai Bank өлкөнүн дене тарбия жана спорт тармагына багытталган долбоорлорду активдүү колдоп келет жана муну менен каржылык уюм эле эмес, калктын келечегинин активдүү өнөктөшү болуу да банк үчүн маанилүү экендигин белгилейт.

Bakai Bank‘тын 150дан ашуун кызматкери дагы бул күнү жарышка чыгып, жамааттык иштерге катыштыктын, сергек жашоо образынын жана жогорку социалдык жоопкерчиликтин жеке мисалы боло алышты.

Bakai Bank Jaz Demi 2025 жарым марафону миңдеген пикирлеш адамдардын башын бириктирип, коомдогу спорттук демилгелерди бекемдөөгө жана сергек жашоо образын даңазалоого багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: