super.kg logo

Орусиянын Ички иштер министрлиги мончодогу мигранттар боюнча үн катты

 

Орусиянын Ички иштер министрлиги мигранттарга байланыштуу мончодогу окуя боюнча маалымат берди. Бул туурасында “Интерфакс” басылмасы жазып чыкты.

Маалымдалгандай, текшерүү иштерин 10-апрелде полиция кызматкерлери Улуттук гвардиянын аймактык бөлүмү менен биргеликте жүргүзгөн.

“Москванын түндүгүндө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө полиция кызматкерлери тергөө кызматына 59 чет элдик жаранды алып барган. Алардын 25и Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталып, аларга карата өлкөдөн чыгаруу жана айып пул салуу каралган.

Кызматкерлер тарабынан жогоруда аталган адамдарга карата эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбогондугун маалымдайбыз. Учурда Москва шаарынын аймактык ички иштер органына окуяда жабыр тарткандар боюнча кайрылуулар түшкөн эмес", - деп белгилейт Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар байма-бай тараган. Маселе Жогорку Кенештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2025. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки омон менен Мончого кирип барган "Дружинниктер" дегени канчалык мыйзамдуу? ким билет? же дружинник деген атты жамынган улутчулдарбы? эгер ошондой болсо улутчулдарга жардам берген омондор өздөрү дагы улутчул болуп саналабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: