Аксы районунда да сел жүрдү (видео)
Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сел жүрдү. Бул туурасында ӨКМ маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, Кара-Камыш айыл аймагынын Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолоруна мөндүр аралаш жаамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн.
"Кербен–Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун болжол менен 50 метр аралыгын суу каптады. Жерине айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы жана №12 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Аксы районунда да сел жүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.