super.kg logo

Кыргызстанда кагаз маалымкаттардан расмий түрдө баш тартуу процесси башталды

 

14-апрелден баштап Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 1-майдан тарта бүткүл өлкө боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Түндүк" системасы аркылуу жеткиликтүү болгон маалымкаттар менен документтерди кагаз түрүндө берүүнү токтотот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, жарандар маалыматты "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Эгер керектүү документ системада жеткиликтүү болсо, аны кагаз жүзүндө талап кылуу мыйзамсыз болуп калат.

Бирок кагаз түрүндөгү маалымкаттар төмөнкү жарандар үчүн сакталат:

  • 50 жаштан жогорку курактагылар;
  • социалдык жактан аяр катмардагы жарандар үчүн;
  • маалыматтар чет өлкөдө колдонулушу керек болгон учурлар.

"2025-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулар жарандардан жана уюмдардан кагаз документтерди талап кыла албайт. Бул эреже маалыматтар "Түндүк" системасында жеткиликтүү болгон учурда гана колдонулат. Жарандарга мобилдик тиркемени жүктөп, электрондук кол тамга алуу сунушталат. Ошондой эле жергиликтүү аймактарда жаңы кызматтарды өздөштүрүүгө көмөктөшүүчү кеңеш жана практикалык жардам берилет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: