super.kg logo

Өлкөдө чет элдик номурдагы унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү

 
Кыргызстанда чет элдик номурдагы унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү. Бул туурасында президенттик администрациядан билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унааларды легалдаштыруунун убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Мындан ары:
• Чек арадан өткөнү тууралуу маалымдама талап кылынбайт;
• СБКТС (коопсуздук тууралуу күбөлүк) жоюлду — эми техкароодон өтүп, коопсуздук боюнча корутунду алуу жетиштүү;
• Легалдаштыруу үчүн төлөм: 2000 куб сантиметрге чейин — 50 миң сом, 2001 куб сантиметрге жана андан жогору — 100 миң сом;
1-апрелден 1-октябрга чейин чет элдик номер менен жүргөн унааларды легалдаштыруу жүрүп жатат.
Бул:
  • 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга кирген унаалар;
  • Документтери жок, бажыдан өтпөгөн унааларга тиешелүү;
  • Легалдаштырылган унааларга 10-региондун номери берилет. Бирок сатууга, өлкөдөн чыгарууга жана такси катары колдонууга тыюу салынат.
Белгилей кетсек, мыйзамдаштыруу президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: