Бишкекте ысык суу качан өчүрүлө турганы белгилүү болду
Бишкек шаарында 21-апрелден тарта ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.
21-апрелде өчүрүлгөн ысык суу шаар тургундарына 31-майда берилет.
Эске салсак, былтыр борборго калаада ысык суу берүү 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.