super.kg logo

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

 

Нурлан Жумаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Аны жамаатка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.

- 2002-жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), Мамлекеттик токой кызматында жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).

- 2010-жылы президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.

- 2015-2021-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

- 2021-2024-жылдары Айыл чарба министрлигинин Токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024-жылдын мартынан тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: