super.kg logo

Ветеринария кызматына 40 даана кызматтык унаа тапшырылды (фото)

 

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарына LADA Нива Люкс жана LADA Нива Урбан үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Анда төрага быйыл суу чарбага 400дөн кем эмес атайын техника тапшырылаарын билдирди.

"Адамзаттын ден соолугун сактоодо ветеринарлардын ролу абдан чоң. Малдан адамга оору жуктурбоонун алдын алуу үчүн биздин ветеринарларга шарт түзүү максатында мамлекет башчыбыздын демилгеси менен 40 унаа райондук ветеринардык башкармалыктарына тапшырып жатабыз. Себеби алыскы жайыттарга атайын дарылоо жана эмдөө иштерин өз убагында өткөрүү үчүн ветеринарларга шарт түзүү зарыл.

Биз ветеринария тармагына, жалпы эле айыл чарбага жаңы инновациялар, биотехнологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу жасалма технологияларды киргизүүнүн, ошондой эле адамдардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилейбиз", - деди Касымалиев.

Белгилей кетсек, тапшырылган 40 даана унаа Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өлкөнүн 40 районундагы башкармалыктарына жеткирилет. Сатып алынган унаалардын жалпы суммасы 43 миллион 600 миң сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: