"Экологиялык долбоор башталды". Пайдаланылган батареяларды кайда алып барса болот?

Маалымдалгандай, анын максаты бир айдын ичинде 3 тонна батарея чогултуп, таштандыларды жоопкерчиликтүү башкаруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.
Батареяларды кайда өткөрсө болот?
Кыргызстан боюнча 800дөн ашык “Сенин зарядың” станциялары иштейт, алардын 600дөн ашыгы батареяларды чогултуу үчүн атайын контейнерлер менен жабдылган. “Сенин зарядың” (Твой заряд) мобилдик тиркемеси аркылуу жакынкы станцияны оңой тапса боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган
"Батареяларды тапшырган ар бир катышуучу автоматтык түрдө утуштун катышуучусу болуп калат! Ал эми компаниялар престиждүү “Экосыйлык” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.