super.kg logo

Арзыбек Кожошев ЕЭК жыйынында Орусиядагы мигранттардын эмгек укуктарын коргоо маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын жыйыны өтүп, анда Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭС) мүчө-мамлекеттердин жарандарынын Орусиядагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү тууралуу маанилүү маселе каралды.

Талкуу учурунда ЕЭКтин министри Арзыбек Кожошев Кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурлары көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Акыркы убакта социалдык тармактарда жана ЖМКларда Кыргызстандын жарандарына документтерди текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын орой мамилеси жөнүндө маалыматтар улам-улам чыгып жатат. Айрыкча Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплекси менен байланышкан акыркы окуя чоң кооптонууну жаратууда.

Министрдин айтымында, бул окуя жана текшерүүлөрдүн видеолорунун жарыяланышы Комиссиянын мүчө-мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерине көлөкө түшүрүүдө.

Мындай мыйзамсыз мамилелер, айрыкча тынч эмгектенген жарандардын ар-намысына шек келтирген катаал аракеттер, тийиштүү органдардын тез арада көңүл буруусун жана тийиштүү реакциясын талап кылат.

Миграция, эмгек укуктары жана ЕАЭС жарандарын коргоо маселелери укуктук талаада, дискриминациясыз жана ашыкча күч колдонбостон чечилиши керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилгенин, калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: