Бишкектеги мектепте окуучу кыз каза болду
Бишкектеги №31 мектептин 7-классында окуган 14 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ленин РИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрелде өспүрүм кыз 15 жаштагы классташ баласы менен уруша кеткен. Бала кыздын денесине залал келтирип, ал ошол жерде эсин жоготкон.
Тилекке каршы, чакырылган "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери кыздын каза болуп калганын аныкташкан. Райондук милиция факты боюнча кылмыш иши козголгонун, бардык жагдайлар аныкталган соң юридикалык баа берилерин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.