Өлкөдө канча айыл чарба техникасы бар экени айтылды
Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар экенин билдирди.
Анын ичинен:
- трактор – 22 341 даана;
- соко – 11 544 даана;
- үрөн сепкич – 3 356;
- малалар – 14 635 даана;
- жер семирткич чачкыч - 811 даана;
- арык казгыч – 1389 даана;
- жер тегиздегич – 2006 даана;
- трактор чиркегич – 9088 даана жана башка
Белгилей кетсек, учурда жазгы талаа айдап-себүү жумуштарына айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 90 пайызды түздү.
Өлкө боюнча талаа жумуштарына бардыгы болуп 19 741 трактор катышууда. Аны аткарууга жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.