super.kg logo

Жакшылыктын тамыры: MEGA келечекти ар бир шаарда отургузат

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору келечекке кам көрүү жөнөкөй, бирок чын жүрөктөн чыккан иш аракеттерден башталарын дагы бир ирет далилдеди. Компания өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында өлкө боюнча масштабдуу экологиялык акцияны уюштурду – айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган, бак-дарактарды отургузуу менен ишембиликтерди өткөрдү.

MEGA кызматкерлеринин дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатына барышы таасирдүү учурлардын бири болду. Бул жерде, өзгөчө тарыхы бар жайлуу бакчада мөмөлүү дарактардын жаңы көчөттөрү – алма, өрүк, алча жана шабдалы отургузулду. 100гө жакын жаш бак-дарактар ​​айлананы кооздоп, аны жаңы үмүттөргө жана келечектеги түшүмдүн жыпарына толтурду.

Мекеменин директору эски бакча балдарды мөмө-жемиштер менен кубантып, алардан кыям жасап, компот үчүн кургатып, балдардын тамак-ашын витаминдер менен байыткан учурларды жылуу сезимдер менен эскерди. Бирок жылдар өтүп, бак-дарактар карып, ал эми аларды жаӊылоого мектепте акча каражаттар жетишпей калган.

«Биз үчүн бул жөн гана жардам эмес – бул чыныгы колдоонун белгиси. Бүгүнкүдөй акциялардын аркасында, биз жалгыз эмес экенибизди сезип жатабыз», - деп бөлүштү мектеп-интернаттын дирекору Каныкей Жаманбаева.

Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү балдарды жана мугалимдерди таттуу даамдар – сергитүүчү балмуздактар менен кубандырышты.

«MEGA компаниясы үчүн бүгүнкү иш-чара жөн эле волонтердук акция эмес. Жылуулук, көңүл буруу жана жакшы иштер өзгөчө маанилүү болгон жерде пайдалуу болуу – биздин аң-сезимдүү тандообуз. Биз бак-дарактарды отургузуп жатабыз, бирок чындыгында биз андан да чоӊ нерсени - жакшылык кайтып келет деген ишенимди түптөөдөбүз», - деп белгилеген MEGAнын башкы директору Эльнар Субакожоев, ар бир көчөткө камкордукту жана жакшылыкты кошуу менен кесиптештер менен чогуу бак-дарактарды отургузууга катышты.

Кызматкерлердин айрымдары көчөт отургузуп жатканда, башкалары «Тазалык сааты» экологиялык кыймылынын ыктыярчыларына кошулуп, Бишкектин райондорунун биринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, MEGAнын аймактык командалары өз шаарларында тазалык жана ыңгайлуулук үчүн биригип, өз алдынча ишембилик өткөрүштү жана көчөттөрдү отургузууну уюштурушту.

Бул демилге – ишкердик кызмат көрсөтүү менен гана чектелбестен, камкордук, жоопкерчилик жана боорукердик маданиятын калыптандыра аларынын жаркын мисалы болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: