Калкты тейлөө борборлору май айында канча күн иштебейт?
1-майдан 11-майга чейин узак майрам күндөрүнө байланыштуу Калкты тейлөө борборлору (ЦОН) иштебейт. Бул тууралуу "Кызмат" мекемеси билдирди.Мекеме мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн «Түндүк» порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кызматтарды пайдаланууну сунуштады.
"КТБга барууну алдын ала пландаңыздар", - деп айтылды билдирүүдө.
Эске салсак, май айында кыргызстандыктар 1-майдан 11-майга чейин эс алышат. Анткени май майрамдары 1-майдан 9-майга чейин, ал эми 10 жана 11-май дем алыш күндөрүнө туура келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















