super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор чет өлкөлөрдө кармалган жана соттолгондор боюнча маалымат берди 

 

Өткөн жылы издөөгө алынып, чет өлкөлөрдөн кармалган 94 кыргызстандык мекенине алып келинди. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында билдирди.

Асаналиев алар Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Польша, Түркия жана Монголиядан кармалышканын айтты. Ошондой эле ал издөөдө жүргөндүктөн Кыргызстандан кармалган 49 чет элдик өз мамлекеттерине өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

"Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына ылайык, учурда чет жактарда 1654 кыргызстандык, анын ичинен 1370и Орусияда жазасын өтөп жатат. 2024-жылы прокуратура тарабынан башка мамлекеттердин аймагында соттолгон 128 кыргыз жараны Орусия, Казакстан жана Тажикстандын түзөтүү мекемелеринен өткөрүлүп алынды. 377 адам боюнча Орусиянын Юстиция министрлигине суроо-талаптар жөнөтүлдү. Ал эми 787 жаран Кыргызстанга которулуудан баш тартты", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: