ЖИ бир нече мүнөттө: O!Business тиркемесинен онлайн ачыңыз
O!Bank ишкерлер үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантууда.

Эми O!Business тиркемесинде жаңы функция жеткиликтүү— жеке ишкердикти (ЖИ) үйдөн чыкпай туруп онлайн каттоо. Бул — болгону бир нече мүнөттүн ичинде бизнес баштоонун тез жана ыңгайлуу жолу.
Колдонуучуларга мындан ары салык кызматына баруунун же кагаз документтерди чогултуунун кажети жок — бүт процесс аралыктан жана максималдуу түрдө тез жүргүзүлөт.
Кандай артыкчылыктары бар?
- Салык кызматына барбастан — бүт процедура тиркемеден онлайн өтөт.
 - Тез — каттоо болгону бир нече мүнөттү алат.
 - Оңой — бардыгы бир тиркемеде: ЖИни каттоодон баштап бизнести жүргүзүүгө чейин.
 - Ыңгайлуу — банктын иш графигине байланбастан 24/7 бою эсепти башкаруу жана төлөмдөрдү жөнөтүү мүмкүндүгү.
 
Мындан тышкары, ЖИ ачылгандан соң O!Business’тин колдонуучуларына башка да пайдалуу сунуштар жеткиликтүү:
- Акысыз POS-терминалдар — комиссиясыз.
 - ККМ акысыз.
 - Овердрафттар 200 000 сомго чейин.
 - Онлайн-кредиттер 200 000 сомго чейин.
 - Visa Business картасы — популярдуу капчыктарга жана банкингдерге акысыз которуулар менен.
 
Кантип катталуу керек?
- O!Business’ти ачыңыз → «Кардар болуу» → «ЖИ онлайн тариздөө».
 - Инсандыкты текшерүүдөн өтүңүз.
 - Өтүнмөнү толтуруңуз.
 - Документтерге онлайн кол коюңуз.
 
O!Bank’тын жаңы функциясы менен жеке ишиңизди баштоо мурдагыдан да оңой!
O!Business тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














