Жол акы 50 сомго чейин. Май майрамдарында Ала-Арча паркына автобус каттайт
Борбор калаада 1-майдан 11-майга чейин Ала-Арча жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы бүгүн, 16-апрелде кабарлады.
Ага ылайык, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.
Белгилей кетсек, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.
Мындан тышкары "Ала-Арча" жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:22
2024-12-25
16:22
2018-02-22
15:31
2018-01-26
10:19
2017-01-13
9:19
2015-08-21
18:13
2015-08-17
17:01
2015-08-17
14:15
2015-08-14
12:31
2014-05-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.