Бишкекте МИКтин кезектеги 476 батири ээлерине тапшырылды




Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 476 батир өз ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалымдагандай, Кубанычбек Маликов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлерин тапшырууга өлкө башчы Садыр Жапаров катышкан.
Эске салсак, аталган даректен былтыр 510 батир тапшырылган эле. Ал эми чукулда, 11-апрелде МИК тарабынан курулган Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү даректен 612 батир ээлерине берилген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.