super.kg logo

Чүйдө 2 жаштагы наристе фасоль жутуп алып ооруканага жеткирилди

 
Чүйдө фасоль жутуп жиберип, дем алуусу кыйындаган 2 жаштагы наристеги дарыгерлер жардам беришти. Мындай маалымат Бишкек шаарынын медицианалык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын социалдык тармактагы баракчасына жайгашты.
Анда айтылгандай, Чүйдүн Гроздь айылында 2 жаштагы бала фасоль жутуп жиберип, дем алуусу кыйындап, өмүрүнө кооптуу абал жаралган. Окуя 10-апрель кечинде болгон.
"Башында жеңил өтүп кетет деп ойлошкон ата-энеси медициналык жардамга дароо кайрылышкан эмес. Бирок жөтөл күчөп, ышкылдаган дем алуу пайда болгондон кийин гана дарыгерге кайрылышкан.
Наристени Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып келишкен. Бул жакта дарыгерлер шашылыш бронхоскопия жасап, фасолдун калдыктарын бөлүп-бөлүп алып чыгышкан. Ден соолугуна коркунуч жаратып турган "инородное тело" толугу менен тазаланган жок, бирок бала азыр туруктуу абалда, атайын көзөмөлдө жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Операцияны торакалдык хирургия бөлүмүнүн башчысы Садыков А.Н. жана анестезиолог Низамова Р.М. жасашкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: