super.kg logo

"Батирлеп жүргөн сиңдим үйлүү болуп калды" дейт Жамиля Асылбаева  (видео)

 

Бүгүн, 16-апрелде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин жарандарга тапшыруу аземинде бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алган Жамиля Асылбаева бул күндү 3 жылдан бери күтүп жатканын айтты.

"Батирдин ээси мен эмес, сиңдим Асылбаева Назира. Электрондук кезекке турганына 3 жылдын жүзү болду. Сиңдимдин майыптыгы бар кызы бар. Буга чейин батирлеп да, бир туугандардын үйүндө жашап жүрдү. Эми минтип өзү үйлүү болуп калды",- деди сиңдисинин кубанычын тең бөлүшкөн Жамиля айым.

Эске салсак, бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания Маликов №91 дарегинде жайгашкан турак жайдагы 476 батирди ээлерине тапшырды. Турак жай комплекси бардык керектүү шарттар менен толук камсыздалган.

Комплекс 18 жана 24 кабаттуу 39 турак жай блогунан турат. Долбоордогу батирлердин жалпы саны 4754, аянты 278 278,6 чарчы метр.






Асылбаева Жамиля

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: