"Кубанып турабыз". ЖАКта 20 жыл иштеген кызматкер ипотекадан 3 бөлмөлүү батир алды (видео)



2016-жылдан бери кезекте турган Турас Усенов бүгүн, 16-апрелде МИК тарабынан берилген батирлерден үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын колго алды.
"Жазаларды аткаруу кызматында 20 жылдан ашык иштедим. 2016-жылдан бери кезекте турганбыз. Кудай буюрса, үч бөлмөлүү батирдин ачкычын колго алганы турабыз. Азыр кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Учурдан пайдаланып, биринчиден, Жаратканга, андан кийин ажобузга ыраазылыгымды билдирем", - деди Турас мырза.
Эске салсак, бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда МИКтин 476 батирин жарандарга тапшыруу аземи болду. Иш-чарада 1 бөлмөлүү 204 батир, 2 бөлмөлүү 102 батир, 3 бөлмөлүү 170 батирдин ачкычтары ээлерине берилди.
16.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.