super.kg logo

Канскта 3 баланын өлтүрүлүшүнүн үрөй учурган чоо-жайы белгилүү болду

 

Орусиянын Канск шаарында 3 баланы мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталып жаткан эне 7 айлык баланын башын кесип, шкафка салып койгон. Бул тууралуу "РИА Новости" укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен жазды.

"Айыпталуучу 7 айлык баланын башын кесип, шкафка салган. Балдардын жансыз денелери ар кайсы жерден табылган. Тактап айтканда, балдардын улуусу сыртта, калган эки баласы жайкы бөлмөдө", - деп жазылат анда.

Үрөй учурган окуя 14-апрель күнү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, 29 жаштагы аял өзүнүн кичинекей балдарын: 4 жашар кызын, 8 жаштагы жана 7 айлык эки уулун өлтүргөн.

Красноярск шаарынын борбордук райондук соту айыпталуучуну эки айга тергөө абагына жиберген. Ал жактан адистер аялга психиатриялык жардам көрсөтүшөт. Бүгүн өткөн соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: