АКШ Кытайды бажы төлөмдөрү боюнча дагы коркутууга алды
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдөрүн 245 пайызга чейин көтөрүшү мүмкүн. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, бул Трамптын минералдык импорттун улуттук коопсуздукка тийгизген таасирин карап чыгуу боюнча буйругуна байланыштуу Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылган.
Белгилей кетсек, АКШ Кытайдан барган товарларга бажы төлөмүн акыркы ирет 145 пайызга көтөргөн. Ал эми Кытай болсо 125 пайызга жогорулаткан. Мындан тышкары кытайлык авиация Америка менен иштешүүнү токтото тургандыгы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.