super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Аяз Баетовго бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, юстиция министри - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Аяз Баетов Мамлекет башчыга мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыктын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Президентке эки отурум өткөргөн тиешелүү комиссиянын ишинин алгачкы жыйынтыктарын маалымдады, ошондой эле Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында аткарылып жаткан чаралар, негизги багыттар жана сунуштар тууралуу маалымат берген.

Садыр Жапаров жарандарга да, мамлекеттик органдарга да маанилүү долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан ашыкча бюрократияны азайтуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Мамлекеттик аппарат таасирдүү, жыйнактуу жана мезгилдин чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Биз тез аракеттенүүгө, өз убагында жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Өткөндөгү түйшүктүү жана инерттүү механизмдер азыркы замандын талаптарына жооп бербей калды", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров иштин темпин ыкчамдатууну жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүүнү тапшырып, бюрократиядан арылтуу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлине таасир этиши керектигин белгиледи. Ал ошондой эле бул багыттагы реформаларды жүзөгө ашыруунун мындан аркы кадамдары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: