Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базар. Кандай шарттар түзүлгөн? (видео)









Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери соңуна чыгууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө.
Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери кызуу жүрүп жаткандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, буга чейин 20-апрелден тартып борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлө тургандыгы айтылган.
17.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.