Чүйдүн айланасындагы негизги жолдордо дрон менен унааларга рейд жүрүүдө (видео)
Чүй облусунун аймагындагы негизги жолдордо унааларга рейд жүрүүдө. Бул туурасында Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, "ураган" аттуу жабдыгы менен жабдылган патрулдук унаа карама-каршы же ошол эле багытта бара жаткан унаалардын ылдамдыгын ченеп турат. Бекитилген ылдамдыкты ашырган айдоочуларды аныктоо иш-чарасы күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
"Карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларды дрон менен байкоо жүргүзүү программасы ишке кирип, жол эрежесин бузган айдоочуларга укук бузуулар жөнүндө протоколу түзүлүүдө. Бишкек–Нарын–Торугарт айланма унаа жолунда акыркы учурда жол-унаа кырсыктары көп катталганына байланыштуу дрон учуруп, байкоо жүргүзүү менен жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо иши башталды. Учурда байкоо жүргүзүү программасы Бишкек–Ош унаа жолунда да жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Чүйдүн айланасындагы негизги жолдордо дрон менен унааларга рейд жүрүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.