super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбан кыздарынын дүйнөлүк рейтинги: Айпери Медет кызы 2-орунда

 

Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Азия жана Европа чемпиондугунун жыйынтыгында дүйнөнүн эң күчтүү балбандарын камтыган жаңыланган рейтингди жарыялады.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынан эң жогорку көрсөткүчтү Айпери Медет кызы камсыздаган. Ал 76 килограмм салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи.

Мындан сырткары кыргыз балбандары төмөнкү орундарга жайгашкан:

55 килограмм салмакка чейин:

  • 30-орун: Арууке Кадырбек кызы;

57 килограмм салмакка чейин:

  • 32-орун: Сезим Жуманазарова;

59 килограмм салмакка чейин:

  • 30-орун: Таңчолпон Кыбалбекова;

62 килограмм салмакка чейин:

  • 5-орун: Айсулуу Тыныбекова;
  • 15-орун: Калмира Билимбекова;

65 килограмм салмакка чейин:

  • 29-орун: Дильназ Сазанова;

68 килограмм салмакка чейин:

  • 19-орун: Гүлнура Таштанбекова;

72 килограмм салмакка чейин:

  • 29-орун: Нурзат Нуртаева;

76 килограмм салмакка чейин:

  • 2-орун: Айпери Медет кызы;

Айта кетсек, дүйнөлүк күрөш уюмунун бул рейтинги спортчулардын эл аралык турнирлердеги жыйынтыктарына жана топтогон упайларына жараша түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: