Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт (убактысы)
Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги өлкөдө Азербайжандын маданият күндөрү өтөрүн билдирди.
Кабарга ылайык, маданий иш-чаралар 21-апрелден 24-апрелге чейин уланат.
Программа:
21-апрель
- саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);
- саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).
22-апрель.
- саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
- саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
- саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
23-апрель.
- саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
- саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
24-апрель.
- саат 16:00 - Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);
- саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.