super.kg logo

Кыргыз бийчилери эл аралык сынакта күмүш медаль алды (фото)

 

Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Улуу Британияда өткөн бий боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-13-апрель күндөрү Улуу Британиянын Блэкпул шаарында WDSF DanceSport Festival-2025 аттуу спорттук-бал бий боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

"Бул турнирге Италия, Румыния, Болгария, Германия, Польша, Кытай Эл Республикасы жана башка көптөгөн Европа менен Азия өлкөлөрүнөн спортчулар катышты. Анда кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Latina категориясында WDSF World Challenge Cup taken place in Blackpool – United Kingdom'до 101 жуптун ичинен 2-орунду ээлешти.

Ал эми ушул эле жуп WDSF GrandSlam taken place in Blackpool – United Kingdom-2025 категориясында 144 жуптун арасынан 35 орунду багындырды", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, турнир Бүткүл дүйнөлүк спорттук бий федерациясынын (WDSF) колдоосу менен уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: